super.kg logo

Аскат Алагөзов "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун вице-президенти менен жолукту

 

Бүгүн, 17-майда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Кыргызстанга сапар менен келген “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” жаңы дайындалган вице-президенти Никола Карим менен жолугушту. Бул тууралуу Алагөзов өзү Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда өлкөдөгү ЖМКга тиешелүү актуалдуу маселелер тууралуу сөз болду.

Мындан тышкары мамлекет башчы Садыр Жапаров ЖМКнын коомдун турмушундагы маанилүүлүгүн ар дайым белгилеп келери айтылды.

Ага ылайык, өлкөнүн мыйзамдарын сактоонун маанилүүлүгү талкууланды. Окуяларды тең салмактуу чагылдыруу, анын ичинде коомчулук үчүн позитивдүү жаңылыктардын үлүшүн жогорулатуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

"Жолугушууга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Борбор Азия кызматтарынын башчысы Хамид Исмаилов, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын Бишкек бюросунун башчысы Бакытбек Асанов да катышты", - деп жазды Алагөзов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: