super.kg logo

"Акылман" лицейине каттоо: 2-турга үч миңден ашык 6-класстын окуучулары өттү

 
"Акылман" президенттик лицейине конкурстук тандоонун 6-класстар арасындагы I туруна 6202 талапкер катышып, анын 3080и II турга өттү.
Билим берүү министрлиги берген маалыматка ылайык, I турдун онлайн тестирлөөсү 11-майдан 14-майга чейин өткөрүлгөн.
II турдун тестирлөөсү 20-21-май күндөрү exam.edu.kg сайты аркылуу онлайн форматта төмөндөгүдөй тартипте өткөрүлөт:
* 20-май - Ош облусу жана Ош шаары – 10:00-12:00, Жалал-Абад жана Баткен облусу – 15:00-17:00;
* 21-май – Бишкек шаары жана Чүй облусу – 10:00-12:00, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустары – 15:00-17:00.
Белгилей кетсек, “Акылман” президенттик лицейи өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, өлкөдө интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында түзүлгөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: