super.kg logo

Милиция кызматкерлерине инвесторлордун укуктарын коргоо тапшырмасы берилди

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков милиция кызматкерлерине инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктары менен укуктарын коргоо тапшырмасын берди. Бул тууралууу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

"Биздин өлкөгө келген инвесторлор, өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында ишмердик жүргүзүп жатышкан чакан, орто жана ири бизнестеги ишкерлер өздөрүн коопсуз жана эркин сезиши керек. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге коопсуздук маселесине байланышкан жана ар түрдүү терс көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн "комплекстүү иш-чаралар” иштелип чыксын.

Тоо-кен өндүрүш ишканаларына, бизнес чөйрөсүнө жана инвесторлорго карата бардык маселелер - митинг же нааразычылык акциялары аркылуу эмес, экономикалык дипломатия жолу менен гана чечилүүгө тийиш. Андыктан жер-жердеги тоо-кен ишканаларынын айланасында орун алып жаткан терс пикирлерди алдын алуу жана элге туура түшүндүрүү иштери күчөтүлсүн", - деди Ниязбеков.

Ошондой эле ал эгерде, кайсы бир аймакта тоо-кен тармагында же бизнес жаатында нааразычылыктар орун алып, ал маселе чечилбесе жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөсө, ошол аймакка жооптуу жетекчилердин жоопкерчилиги караларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, министр бүгүн онлайн режиминде кеңешме өткөрдү. Ага орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын жана жети дубандын ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: