super.kg logo

Чүйдө мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

 

Чүйдүн Биримдик айыл өкмөтүнө караштуу Искра айылынын Фабричная көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты 2006-жылдан баштап 4 жолу колдон колго өтүп сатылып, менчиктештирилип кеткендиги аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан кабарлады.

Маалымдалгандай, Чүй райондук прокуратурасы тарабынан “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын талаптарын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

“Райондук прокуратура тарабынан сатуу-сатып алуу келишимдерин жокко чыгаруу максатында сот органдарына доо арыз келтирилип, кароонун жыйынтыгында толук канааттандырылган. Аталган жер тилкени мамлекетке кайтаруу максатында, айыл өкмөт башчынын наамына прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, натыйжада наркы 11 миллион 292 миң 300 сомду түзгөн бала бакчанын имараты тийиштүү жер тилкеси менен Биримдик айыл өкмөтүнүн балансына алынды”, - деп белгиленген маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: