"Килем жууп, жерлерди сугарбаңыз". Мэриянын эскертүүсү
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын бардык тургундары таза суу менен камсыз болгонун белгиледи. Буга удаа калаа бийлиги тургундарды таза сууга этият мамиле кылууга чакырды.
«Ичүүчү суу менен жашыл жерлерди сугарууга, короо-сарайларды, килемдерди, унааларды, механизмдерди белгиленбеген жана башка жерлерде жууп тазалоого катуу тыюу салынат», - дешти мэриядан.
Кошумчалай кетсек, жогорудагы эрежелерге ылайык, суу эсептегич болсо таңкы саат 00:00дөн 05:00гө чейин жашыл жерлерди сугарууга уруксат берилет.
Муниципалитет тарабынан такай текшерүүлөр жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталса, протокол түзүлүп, Укук бузуулар кодексинин 119-беренесине ылайык, 1000 сом өлчөмүндө айып салынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.