super.kg logo

Өлкө жетекчилеринин “Кыргызнефтегазга” акча салууга чакырган видеолору. Алагөзов алар фейк экенин айтты

 

Бүгүн, 17-майда шылуундар социалдык тармактарда белгилүү уюмдарга, тактап айтканда, “Кыргызнефтегазга”, акча салууга чакырган жасалма видео-жарнамаларды таратып жаткандыгын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык баракчасына бөлүштү.

Анда ал өлкө жетекчилигинин атын жамынып, үн жана видеолорду бурмалаган шылуундардын айла-амалдарына алданбай, сак болуп, маалыматты расмий булактардан текшерүүгө чакырды.

“Видеодо өлкөнүн биринчи адамдарынын сөздөрүн окшотуп, жасалмалап колдонуп, жасалма интеллект менен эриндерин жана үнүн синхрондоштуруп, анык ушул адам иллюзиясын жаратууда. Жасалма чат-боттор да түзүлүп, белгилүү маалымат агенттиктеринин жаңылыктарынын жасалма “скриншотторуна” шилтемелер кетүүдө. Бир караганда бул видеолор чын сыяктуу көрүнөт. Бирок биз бул жасалма экенин баса белгилейбиз”, - деп билдирген Алагөзов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: