Бишкек — Ош автоунаа жолунда таш кулоо кооптуулугу бар жерлер текшерилди





Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте кооптуулук жараткан аймактарды жеринен көрүп, бир катар тапшырмаларды берди. Бул туурасында кызматтын маалымат борбору билдирет.
Маалымдалгандай, тынымсыз жааган жаан учурунда турак жайларды селден коргоп, жергиликтүү тургундарга материалдык чыгым кетирбөө үчүн ички арыктарды тазалоо жана кеңейтүү боюнча сунуштар айтылган.
Ошондой эле Бишкек-Ош автоунаа жолунун 414-426-чакырымдарындагы таш кулоо кооптуулугу бар аймактар да тиешелүү адистер менен биргеликте көзөмөлгө алынган.
“Жеринде жол тейлөө ишканасынын тийиштүү өкүлдөрүнө Бишкек-Ош жолунун кооптуу тилкелеринде тынымсыз жумуш алып баруу тапшырмасын берди”, - деп айтылат маалыматта.
