super.kg logo

Бишкек мэриясы шаар тургундары таштандыларын көчөгө эле ыргыта баштаганын айтып, кайрылуу жасады

 

Бишкектин тургундары таштандыларды тротуарларга, контейнерлердин жанына жана газондорго ыргыта башташты. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Ушундай эле окуяга муниципалдык инспекторлор тарабынан бөгөт коюлган. Мыйзам бузуучу Коңорчок көчөсү, 41 дарегине белгиленбеген жерге тигүү калдыктарын таштоого аракет кылган. Ага карата укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү менен 7500 сом айып салынган.

Ошондой эле «Победа» ЖЧКсынын кызматкерлери Рысмендиев көчөсүндөгү таштандыларды өрттөп, андан арылууга аракет кылышкан. Аталган ишканага укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүн бузгандыгы үчүн 23 миң сом айып салынды.

«Стрим Групп» ЖЧКсы да таштандыларды туура эмес жерге ыргытып, көрктөндүрүү эрежелерин сактаган эмес. Аталган ишкана укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 23 миң сом өлчөмүндө жоопкерчиликке тартылды.

Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесин бузгандыгы үчүн Биринчи май районунун тургуну С.Б. аттуу жаранга 3000 сом айып салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: