super.kg logo

"Кайсы бир деңгээлде туура". Камчыбек Ташиев Бишкектеги окуя боюнча билдирүү жасады (видео)

 

Бишкекте түндө болгон окуя боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирүү жасады.

Билдирүүсүндө УКМК төрагасы кечээ чогулгандардын талаптары дагы кайсы бир деңгээлде туура экенин айтты.

"Кечээки болуп өткөн окуяга 18 жаштан 25 жашка чейинки жигиттер катышкан. Ошол балдардын негизги талаптары - бул мамлекетибиздин ичинде иштеген иммигранттардын көбөйүп кетүүсүнүн негизинде. Бул Бангладеш, Пакистан, Индия Египеттен келип окуган студенттердин, кылган жумушунун өтө көп болуп кетишине байланыштуу болгон.

Бул балдардын койгон талаптары дагы кайсы бир деңгээлде туура. Алар келген мигранттардын көп болуп кетишине байланыштуу биз өзүбүздүн чараларыбызды көрө баштаганбыз.

Учурда активдүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Күнүнө 20дан, 30дан, 50дөн мыйзамсыз жүргөн мигранттарды таап чыгып, өлкөдөн чыгаруу аракеттерин көрүп жатабыз", - деп билдирди Камчыбек Ташиев.

Ташиев ошондой эле Пакистандан келген 1500, Бангладештен келген миңдей адам Кыргызстандан чыгарылганын кошумчалады.

"Бүгүнкү күндө мыйзам бузуп, мамлекеттин ичинде жүргөн 5 миңдей адам бар. Ошолордун 1360 адам Пакистандан, ушундай эле сандагы адам Бангладештен, калгандары башка өлкөнүн жарандары. Ошондуктан мыйзамсыз жүргөн мигранттарга каршы иш-чаралар мындан кийин дагы жүрө баштайт", - деди Ташиев.






Камчыбек Ташиев билдирүү жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: