super.kg logo

Түндөгү Бишкектеги окуя: Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады

 

Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдик жарандарга каршы болгон нааразылык акциялары боюнча комментарий берди.

Министрликтин билдиришинче, жабыркаган чет элдик жарандар боюнча Тышкы иштер министрлигине эч кандай билдирүү түшкөн эмес.

"Окуя тууралуу маалымат түшкөн учурдан тартып Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан окуяга катышкан адамдарды, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды жана Кыргыз жарандарын кармоо боюнча ыкчам чаралар көрүлгөн.

Кырдаал толугу менен күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө болуп, жарандардын коопсуздугу жана коомдук тартип камсыз кылынган.

Окуяга катышкандардын арасында оор жаракат алгандар жок. 15ке жакын жаран медициналык мекемелерге текшерүүдөн өтүү үчүн кайрылган.

Жабыркаган чет элдик жарандар боюнча Тышкы иштер министрлигине эч кандай билдирүү түшкөн эмес.

Ошону менен бирге министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү жалган жана текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырат", - деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.

Эскерте кетсек, 13-май күнү кечинде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде жергиликтүү тургундарды чет элдик жарандар сабап жаткандагы видео тараган. Төрт күндөн кийин, тагыраагы, кечээ, 17-майда жатаканадан анча алыс эмес жайгашкан Чүй-Курманжан датка көчөлрүнүн кесилишине жакын жерде чогулган эл чет элдиктерди жоопко тартууну талап кылышкан.
Өз кезегинде Свердлов райондук ички иштер бөлүмү мушташка катышкан чет элдик студенттер кармалганын билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: