super.kg logo

Бишкекте көп балалуу энелерди акимдер куттукташты

 
Борбор калаада Энелер күнүнө арналган майрамдын алдында төрт райондун акимдери көп балалуу энелерди куттукташты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев райондогу көп балалуу энелерге барып, акчалай сертификаттарды, ошондой эле азык-түлүк баштыктарын тапшырды.
11 баланы төрөгөн Гүлбара Алыбаева менен 7 баланын энеси 35 жаштагы Мээрим Жакшымбетовага азык-түлүк баштыктары жана сертификаттар тапшырылды.
Көп балалуу энелерди Свердлов районунун акими Кубанычбек Айтакунов куттуктап, акчалай сертификаттарды тапшырды.
Халидахон Абдурахманова 7 баланын энеси. 2021-жылы “Баатыр эне” ордени менен сыйланган.
Назгүл Кадыркулова 7 баланын энеси. 2022-жылы “Баатыр эне” ордени менен сыйланган.
Биринчи май районунун акими Сарылбек уулу Улан райондогу көп балалуу энелерге ыраазычылык билдирип, акчалай сертификат тапшырып, ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалады.
Айгүл Асылбекова 8 баланын энеси. 2022-жылы "Баатыр эне" ордени менен сыйланган.
Клара Абылова 7 баланын энеси. 2021-жылы "Баатыр эне" ордени менен сыйланган.
Наске Молдомуратова 10 баланын энеси. 1979-жылы "Баатыр эне" ордени менен сыйланган.
Октябрь районунун акиминин биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков Рухий-Мурас жаңы конушунда жашаган көп балалуу энени куттуктады.
9 баланын энеси Кымбат Тюлебаевага сертификат тапшырып, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт каалады. 2018-жылы “Баатыр эне” ордени менен сыйланган.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Энелер күнү 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: