Пакистандын элчилиги Бишкектеги окуяга реакция жасады
Пакистан менен Индиянын Кыргызстандагы элчиликтери 17-майдан 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабында чет элдик студенттердин катышуусунда болгон окуяга реакция жасады.
Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги Бишкектеги түнкү окуядан жарандардын арасында жабыркагандар жок экенин билдирди.
"Кыргыз өкмөтү эл аралык студенттерге каршы болгон соңку окуяда пакистандык студенттердин өлүмү жок экенин ырастады. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги да кырдаал көзөмөлдө экенин билдирген маалымат таратты", - деп жазылды элчиликтин социалдык тармактагы баракчасына.
Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар дагы бул окуяга боюнча билдирүү жасады.
"Кыргызстанда студенттерге топтун кол салуусу тууралуу маалымат абдан кооптондурат. Биз пакистандык студенттерди коргоону камсыздоо үчүн кыргыз бийлиги менен байланышып жатабыз. Мен Кыргызстандагы элчибизге аларга ар тараптуу жардам көрсөтүүнү тапшырдым", - деп жазды ал.

