super.kg logo

Бишкектеги окуя: Бишкектин төрт районунда штаб өткөрүлдү

 

Бишкектеги 17-майдан 18-майга караган түнү болгон окуяга байланыштуу Бишкек шаарынын төрт районунда укук коргоо органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш-чараларды координациялоо боюнча штабдар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда муниципалитеттен билдиришти.

Маалымдалгандай, штабдык жыйындардын жыйынтыгы менен тынчтыкты сактоо боюнча калкка түшүндүрүү жана профилактикалык иштерди жүргүзүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Ага ылайык, чет элдик жарандар иштеген чарбалык субъектилерге рейд жүргүзүү боюнча чечимдер кабыл алынды.

Ошондой эле төрт райондук акимчиликтин кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө болуп, нөөмөт графиги түзүлдү.

"Төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыз болот:

Свердлов району:
0312 36 07 07 - кабылдама;
№17 МАБ - 0312 38 22 76 (84);
№18 МАБ - 0312 38 18 10;
№19 МАБ - 0312 63 33 57;
№20 МАБ - 0312 39 02 14;
№21 МАБ - 0312 48 42 70;
Ошондой эле WhatsApp номери аркылуу: 0708 987 057.

Биринчи май району:
0312 65 15 37 - кабылдама; 0999 312 092
№ 12 МАБ - 996 (701) 292-821;
№ 13 МАБ - 996 (700) 704-474;
№ 14 МАБ - 996 (707) 020-908;
№ 15 МАБ - 996 (707) 330-888;
№16 МАБ - 996 (705) 195-958;
Маевка МАБ - 996 (708) 724-321;
Пригородное МАБ- 996 (550) 264-195.

Ленин району:
-0509 231018 - уюштуруу жана кадр иштери бөлүмүнүн башчысы;

№ 1 МАБ - 0555075591;
№ 2 МАБ - 0702050565;
№ 3 МАБ - 0779071188;
№ 4МАБ - 0500080682;
Орок МАБ - 0709338310;
№5 МАБ- 0552042215;
Чоң-Арык МАБ - 0702006688;
Новопавловка МАБ- 0707294580.

Октябрь району:
№6 МАБ - 0704860807;
№ 7 МАБ - 0556210556;
№ 8 МАБ - 0555156818;
№ 9 МАБ - 0507555527;
№ 10 МАБ - 0772408412;
№11 МАБ - 0772140877;
Көк-Жар МАБ- 0990312213",-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 13-май күнү кечинде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде жергиликтүү тургундарды чет элдик жарандар сабап жаткандагы видео тараган. Ага байланыштуу кечээ, 17-майда жатаканадан анча алыс эмес жайгашкан Чүй-Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде чогулган эл чет элдиктерди жоопко тартууну талап кылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: