Пакистандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет
Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дарды Бишкекке жөнөтүүнү чечти. Бул тууралуу Radio Pakistan жазды.
Тышкы иштер министри менен бирге Кыргызстанга федералдык министр Амир Мукам дагы келет. Делегация бүгүн атайын рейс менен Бишкекке учары күтүлүүдө.
"Иш сапардын алкагында министр Кыргызстандын жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, жабыркаган студенттерге медициналык жардам көрсөтүү маселесин талкуулайт. Студенттердин мекенине аман-эсен кайтып келүүсү боюнча да маселелер каралат”, - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 13-май күнү кечинде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде жергиликтүү тургундарды чет элдик жарандар сабап жаткандагы видео тараган. Төрт күндөн кийин, тагыраагы, 17-майда жатаканадан анча алыс эмес жайгашкан Чүй-Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде чогулган эл чет элдиктерди жоопко тартууну талап кылышкан.
Өз кезегинде Свердлов райондук ички иштер бөлүмү мушташка катышкан чет элдик студенттер кармалганын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.