super.kg logo

Кыргызстан менен Пакистандын министрлери Астанада жолугат

 

Бүгүн, 19-майда Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Пакистан элчиси Хасан Али Зайгам Бишкек шаарында чет элдик студенттердин, анын ичинде Пакистандын жарандарынын катышуусунда болгон окуя боюнча маалымат алууда көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

"Министрдин орун басары Атаханов бул окуя жөнгө салынып, кырдаал укук коргоо органдарынын толук көзөмөлүндө экенин, бардык тиешеси барларга карата иликтөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Тараптар 2024-жылдын 21-майында Астана шаарында өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин министрлер кеңешинин алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен премьер-министрдин орун басары, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дардын жолугушуусун уюштурууну макулдашышты", - деп жазылат андагы билдирүүдө.

Мындан тышкары бүгүн тараптар Кыргызстан менен Пакистандын Тышкы саясат мекемелеринин жетекчилеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүн уюштурат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: