super.kg logo

Чыңгыз Эсенгул уулу Тажикстандын маданият министри менен жолугушту

 

Бүгүн, 20-майда Ашхабад шаарында Махтымкули Фрагинин туулган күнүнүн 300 жылдыгына арналган маданият министрлеринин эл аралык конференциясынын алкагында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Тажикстандын маданият министри Матлубахон Сатториен менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууда эки министрликтин жетекчилеринин жолугушууларын өткөрүү, концерттерди уюштуруу, алдыңкы маданий мекемелердин артисттеринин гастролдорун, спорттук иш-чараларды, көргөзмөлөрдү уюштуруу, жаш делегациялардын иш сапарлары менен алмашуу аркылуу өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү келечегин кароо керектиги айтылды.

"Мындай кадамдар эки өлкөнүн өз ара мамилелерине оң таасирин тийгизери айтылып, эки элдин жакындашуусуна жана маданий байланыштардын чыңдалышына өбөлгө түзөрү белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, тараптар эки өлкө элинин достугунун тарыхый байланыштарына негизделген маданий-гуманитардык байланыштар мурдагы нугуна түшүп, кеңейе берет деген ишенимин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: