super.kg logo

Бишкектеги Ататүрк паркында үйлөрдү буздурууга каршы чыккандар чогулду

 

Бүгүн, 20-майда Бишкектеги Ататүрк сейил багынын аймагына салынган үйлөрдүн бузулушуна каршылыгын билдирген тургундар чогулду. Алар бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, үйлөрдү өз акчаларына сатып алышканын, андыктан бузуу туура эмес экенин айтышууда.

Чогулгандар менен жеринде калаа башкармалыгынын өкүлдөрү жолугушуу өткөргөн. Азырынча муниципалитет бул боюнча маалымат бере элек.

Буга чейин мэрия парктагы курулуштарды бузуу иштери 20-майдан тарта жүргүзүлөрүн билдирген болчу.

Эске салсак, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк сейил багында мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жерди кайтаруу боюнча токтомго кол койгон.

Сейил бактын айланасындагы маселе Жогоку Кеңештин бир катар жыйындарында дагы көтөрүлгөн. Алсак, депутат Камила Талиева 15-майдагы парламенттин жыйынында парктын аймагындагы үйлөр карапайым адамдардыкы экенин эске салып, бул ишти мэрия кылдат кароосу керектигин айткан.

Парламенттин 8-майдагы жыйынында депутат Эмил Токтошев ал жерде көп кабаттуу үй дагы бар экенин айтып, андагы 250 батирдин ээлери пенсионерлер, оорулуу адамдар, карапайым жарандар экенин билдирген.

Бул боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы комментарий берип, бардыгы мыйзам боюнча чечилерин белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: