super.kg logo

Өкмөт жабыркаган чет элдик студенттерге чыгымды төлөп берүүнү карап жатат

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 18 жогорку окуу жайдын ректорлору менен жыйын өткөрдү. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, жолугушууда борбор калаадагы чет элдик студенттер жашаган жатаканада болгон окуя жана окуу процессин калыбына келтирүү маселелери талкууланды.

"Мамлекет жетекчилигинин тапшырмасы менен Министрлер кабинети учурда жабыркаган чет элдик студенттерге келтирилген чыгымды төлөп берүү маселесин кароодо. Мындай компенсация кандай формада жана кандай мөөнөттө жүргүзүлөрү кошумча жарыяланат", - деди Байсалов.

Жыйындын катышуучулары студенттердин коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыз кылуу, алардын жергиликтүү коомчулуктун жашоосуна интеграциясын күчөтүү жана өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Байсалов Министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны жаштар менен зарыл болгон тарбиялык-педагогикалык иштерди уюштуруу, ошондой эле өлкөгө мыйзамсыз эмгек мигранттарынын массалык түрдө келиши жана коомдук тартипти камсыз кылуу маселелери караларын билдирди.

Эске салсак, 13-май күнү кечинде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде жергиликтүү тургундарды чет элдик жарандар сабап жаткандагы видео тараган. Ага байланыштуу 17-майда жатаканадан анча алыс эмес жайгашкан Чүй-Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде чогулган эл чет элдиктерди жоопко тартууну талап кылышкан. Ал эми Ички иштер министрлиги Бишкекте орун алган окуянын себебин маалымдаган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 41 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылган. Учурда алардын арасынан 11 бейтап ооруканада дарыланууда. Буга байланыштуу өлкөдөгү чет элдик студенттер бир жумага онлайн окууга өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: