Кыргызстанда 29 миңге чукул чет өлкөлүк студент бар
Кыргызстанда бүгүнкү күндө 28 миң 800 чет өлкөлүк студент бар. Бул жөнүндө билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу бүгүн, 20-майдагы маалымат жыйынында айтты.
"Алардын ичинен алыскы жана жакынкы чет өлкөдөн келген студенттер бар экенин унутпашыбыз керек.
Медициналык окуу жайда окугандардын арасынан эки өлкөдөн келгендер көбүрөөк. Алар – Индиядан жана Пакистандан", - дейт Расул Абазбек уулу.
Министрдин орун басары өлкөгө келген ар бир чет өлкөлүк студентти инвесторго салыштырды.
"Келген студенттер биринчи түздөн-түз университеттердин бюджетине салым кошот. Андан тышкары кластердик пайдасы бар. Жатаканага төлөйт, хостелдеби, батирде жашайбы ага, такси кызматына жана башка ушул сыяктуу кызматтарга төлөйт. Биз экономист эмеспиз, бул маселени эсептеп чыкпаптырбыз, бирок ар түрдүү эсептөөлөргө ылайык, жылына 12 миллиарддан 16 миллиард сомго чейин пайда алып келишет. Ар бир студент биз үчүн кандайдыр бир деңгээлде инвестор", - деди министрдин орун басары.
Эске салсак, 13-май күнү кечинде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде жергиликтүү тургундарды чет элдик жарандар сабап жаткандагы видео тараган. Ага байланыштуу 17-майда жатаканадан анча алыс эмес жайгашкан Чүй-Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде чогулган эл чет элдиктерди жоопко тартууну талап кылышкан. Ал эми Ички иштер министрлиги Бишкекте орун алган окуянын себебин маалымдаган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 41 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылган. Учурда алардын арасынан 11 бейтап ооруканада дарыланууда. Буга байланыштуу өлкөдөгү чет элдик студенттер бир жумага онлайн окууга өттү.



