Кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын ээлери бийликке кайрылуу жасашты




Бүгүн, 20-майда Бишкек шаарынын четине Казакстандан Кыргызстанга алынып келинген оор жүк ташуучу унаалардын ээлери бийлик өкүлдөрүнөн жүк ташуучу унааларды алып келүүгө жана каттоого байланышкан кырдаалды жөнгө салып берүүнү суранышып кайрылуу жасоо үчүн чогулду.
Маалымдалгандай, буга чейин Бажы кызматынын Аткезчиликке каршы күрөшүү башкы башкармалыгы менен биргеликте Казакстандан Кыргызстанга жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз ташып келүү схемасын аныктагандыгы тууралуу ЖМКларга маалымат жарыяланган. Анда Бурабай мыйзамынын нормалары сакталбагандыгы айтылып, унааларды каттоо учурунда мыйзамсыз коррупциялык схема уюштурулуп, 3 миңден ашык унаа катталгандыгы боюнча айтылган.
Мындан улам айдоочулар жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылууга аргасыз болуп жаткандыгын билдиришти.
"Жогоруда аталган жагдайларды эске алып, ушул ишти адилеттүү жана калыс чечип берүүңүздөрдү суранабыз! Себеби ишкерлердин арасында мамлекеттен чоң суммада насыя алып иштеп жаткандар бар.
Дагы бир белгилей кетчү жагдай. Коңшу өлкөдө жүк ташуучу унааларды бажыдан өткөрүү ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу чоң тартип менен жүргүзүлгөндүктөн көптөгөн ишкерлер коңшу өлкөдөн Кыргызстанга жүк ташуучу унааларды алып келишкен", - деп кайрылышты оор жүк ташуучу унаалардын ээлери.
Мындан тышкары алар Казакстандан жүк ташуучу унааларды алып чыгууда эч кандай тоскоолдуктар, эскертүүлөр жана транспорттук каражаттарды алып чыгууга бөгөт коюлбаганын кошумчалашты. Ошондой эле бажы, фискалдык, укук коргоо органдары тарабынан транспорт каражаттарын алып келүүдө эч кандай тоскоолдуктар, чектөөлөр, эскертүүлөр болгон эмес.

