super.kg logo

Бишкектеги окуя: Президент дагы кайталанса, уюштургандар аёосуз жазаланарын эскертти

 

Президент Садыр Жапаров Бишкекте 17-18-майда чет элдик студенттер менен болгон окуя тууралуу кайрылуу жасап, дагы ушундай окуя кайталанса, башаламандык уюштургандар аёосуз жазаланарын эскертти.

Мамлекет башчысы тартип болбосо, кандай гана мамлекет болбосун, өнүгүү болбой турганын белгиледи.

"Кылмышкерлерди өзүм билемдик менен жазалоого жол берилбейт. Жазалоо үчүн сот бар, бийлик бар. Биз бул жолу ушул окуядан чоң сабак алдык. Эл дагы сабак алып, эми мындан ары мындай чакырыктарга, чагымчылдыкка оор басырык, сергек ой жүгүртүү менен анализ жасап, дароо эле дүрбөп чыга калбайт деп ишенебиз.

Эми мындан ары ушундай окуя кайталанса, анда күч органдары биринчи мүнөттөрдөн баштап эле күч менен таратуу ыкмасына өтөт. Кудайга шүгүр, азыр күч структуралары мурдагыдай алсыз эмес.

Мейли ким болбосун, ал биздин жаранбы же чет өлкөлүк жаранбы, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө шек келтирсе, башаламандык уюштура турган болсо аёосуз жазасын алышат", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: