super.kg logo

Талас РИИБинин жаңы имаратына капсула салынды

 

Талас райондук милициясынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ички иштер министринин орун басарлары Октябрь Урмамбетов, Сүйүнбек Ниязбеков, Талас ОИИБинин башчысынын орун басары Зорбек Ибраимов, Талас РИИБинин башчысы Нурдин Чолпонкулов катышты.

"Жаңы имарат милиция бөлүмүнүн арткы тарабына курулуп баштады. Имараттын бир тарабындагы узундугу 18, экинчи тарабындагы узундугу 16, кенендиги 6 метрди түзөт. 2 кабаттуу имараттын жалпы аянты 423 чарчы метрди түзүп, 14 бөлмөдөн турат. Милиция бөлүмүнүн эски имараты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жаңы салынып жаткан имарат менен кошулат", - деп айтылат билдирүүдө.

Курулуш иштери Ички иштер министрлиги тарабынан каржыланары кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: