super.kg logo

Бишкекте жатаканада чет элдиктерди карактоого шектелип 18-19 жаштагы үч жигит кармалды

 

Бишкектеги Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатаканада чет элдик жарандарды карактоого шектүү адамдар аныкталып, камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык,13-майга караган түнү саат 02:00дө Чыгыш-5 кичи районунда топ балдар чет элдик студенттерге кезигип, тамеки сурашып, "Эмне бул жерде тамеки чегип жатасыңар?" деп тийишишкен. Уруп баштаганда чет элдик студенттер качып, өздөрү жашаган Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатаканага кирип кеткенге үлгүрүшкөн.

Чет элдик студенттердин артынан кубалап келген топ балдар жатаканага кирип, ал жакта жашагандарды сабап, акча жана буюмдарын тартып алышкан.

Жатаканада жашаган чет элдик жарандар чогулуп, келгендерге каршылык көрсөтүп кетиргенге аракет кылып, ортодо мушташ чыккан. Мушташ жатакананын короосунда болуп, келгендер бирөөсүн таштап качып кетишкен.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, карактаган адамдарды аныктоого багытталган ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада каракчылык кылган адамдар такталып, алар 2006-жылы туулган М.Н., 2005-жылы туулган Ш.Т. жана Н.Б. аттуу жарандар экендиги такталган.

Алар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.05.2024. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыздар ойлонгула. Пакистандыктарга кол салып, аларды кууп чыккандын кесепетин биз өзүбүз гана тартабыз, иш каналар, билим мекемелери, кыргыз ишкерлери гана жабыркайт. Баалардын өсүшүнө да алып келет.
20.05.2024. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пакистерди такыр келбесин дебейбиз, бирок калың базар кылбай жылына аз сандагы квотанын гана негизинде келиши керек, аз саз болгону жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: