super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Ирандын лидерине көңүл айтты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Ирандын президенти Ибрахим Раисинин жана аны коштоп жүргөн адамдардын трагедиялуу өлүмүнө байланыштуу Иран лидери Али Хоссейни Хаменеиге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

“Иран ислам республикасынын президенти улуу даражалуу сейед Ибрахим Раисинин трагедиялуу жагдайда тик учак кырсыгынын кесепетинен мезгилсиз дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Улуу даражалуу сизге жана боордош Ирандын элине, маркумдун үй-бүлөсү менен жакындарына Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысы менен тең бөлүшөм.

Маркум президент Ибрахим Раиси Ирандын дүйнөлүк аренадагы аброюнун жогорулашына, анын өсүп-өнүгүшүнө жана элинин бакубат жашоосуна эбегейсиз зор салымын кошуп кетти. Анын даанышмандыгы, камкордугу, кайрымдуулугу жана жалпы Иран элине жасап кеткен бардык асыл эмгеги ар дайым эсибизде түбөлүккө сакталат. Биз боордош Иран элинин ушул оор күндөрдөгү аза кайгысын тең бөлүшүүгө ар дайым даярбыз”, - деп айтылат телеграммада.

Белгилей кетсек, 19-майда Ирандын президенти Ибрахим Раиси бараткан тик учак өлкөнүн түндүк-батышында кулаган. Бүгүн анын каза болгондугу белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: