super.kg logo

Бишкек мэри SusHi Tech Tokyo 2024 көргөзмөсүнө катышты

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Токиодо өткөн SusHi Tech Tokyo 2024 көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара 5 континенттен 48 шаар башчыларын бириктирген масштабдуу диалог аянтчасы болуп саналат, анда пикир алмашуу жана шаарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган алдыңкы технологияларды жана стратегияларды талкуулоо өткөрүлөт.

Аталган иш-чарага Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев да катышты. Бишкек шаары Борбор Азиядагы SusHi Tech Tokyo 2024 ардактуу конок катары көрсөтүлгөн жалгыз шаар болгон.

SusHiTech Tokyo 2024 бир нече программаларды камтыган, анын ичинде шаардык Лидерлер, глобалдык стартап программасы жана демонстрациялык программасы.

Айбек Жунушалиев шаар жетекчилерине арналган программада сөз сүйлөп, анда Бишкек шаарынын мэриясынын борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу жана абага чыгарууну нөлгө түшүрүү боюнча ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Мындан сырткары калаа башчысынын Токиого болгон иш сапарынын алкагында практикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнү улантуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы менен "Nikken Sekkei Ltd" компаниясынын ортосунда шаар куруу жана архитектура жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ошондой эле Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев да бул иш-чарага катышып, жолугушуунун соңунда «Nikken Sekkei Ltd» компаниясы менен келишим түздү.

Бишкек шаарында "Nikken Sekkei Ltd" компаниясы борбор калаа тургундарынын бардык муктаждыктарын жана ыңгайлуулуктарын эске алуу менен шаардын мастер-планын иштеп чыгууну пландаштырууда.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: