super.kg logo

Айтматов районунда үч кабаттуу милициянын имараты курула баштады

 

Бүгүн 20-майда Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Талас облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ички иштер министринин орун басарлары Октябрь Урмамбетов, Сүйүнбек Ниязбеков, Талас ОИИБинин башчысынын орун басары Зорбек Ибраимов, Айтматов РИИБинин башчысы Улан Мамбеткулов катышты.

"Жаңы имараттын узундугу 30, туурасы 12 метрди түзүп, 48 бөлмөдөн турат. Үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 1080 чарчы метрди түзөт. Имарат ичинде медициналык пункт, административдик камера, эркектер, аялдар жана жаш балдарды өзүнчө убактылуу кармоочу жайы менен курулат", - деп айтылат билдирүүдө.

Курулуш иштери Ички иштер министрлиги тарабынан каржыланары кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: