Акылбек Темиралиев, ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкери: “Жеке концертимди берсем деген ниетим бар”







“Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей, бүгүнкү каарманыбыз өлкөбүздүн чыныгы мекенчил уулу, спортчу, заманбап чыгармачылык менен алектенип жүргөн аскер кызматчысы Акылбек Темиралиев. Чыгармачылыкка сүмгүп кирип, спортту жан дүйнөсү менен сүйгөн майор ИИМдин Ички аскерлеринде кызмат өтөйт. Жаш болсода “Талбас эмгек-тоодой тоскоолдукту жеңет” дегендей, чыдамкайлыгы, күжүрмөндүгү жана эрктүүлүгү менен чыгармачылыкта, спорт чөйрөсүндө жана кызматында көп ийгиликтерди жаратып келүүдө.
- Чыгармачылыкка карай жол качан башталган?
- Чыгармачылык менен окуучулук кезимден баштап алектене баштагам. Ал учурда “Хип-хоп”, “Брейк-данс” мага абдан жакчу. Кызыгуум күндөн-күнгө күч алды. Ошентип бий менен 8-класстан баштап машыга баштадым. Мен Чүйдүн Москва районундагы Беловодское айылында Аксай орто мектебинде окудум. Мектептен үйгө баратканда Маданият үйүнүн кире беришинде эки жигит бийлегенин көрүп, мага абдан кызыктуу болуп, алар менен бирге бий менен алектенүүнү сурандым. Алар менин суранычымды четке каккан жок, үйрөтүштү. Андан соң “Рэп” окуй баштадым. Маал-маалы менен бул тармакта өзүмдү өнүктүрдүм, концерттерге, сынактарга жана башка иш-чараларга катыштым. Бара-бара чыгармачылык менен жашоомдун бир бөлүгү болуп калды. Учурда мени “Black Cap” лакап аты менен таанышат.
- Музыка сиз үчүн эмне?
- Музыка мен үчүн жаң дүйнөмдөн бурганактап чыккан эргүүм, бүткүл жашоом. Ой-мүдөөмдүн баарын чыгармачылык аркылуу билгизем. Көп жылдык эмгектенүүмдүн арты менен жаштар арасында белгилүү болгон “Рэп” окуп, клип тарттырдым. Алар “Менин күнөөм эмес” (Не моя вина), “Мага учканды үйрөтчү” (Научи меня летать), “Күйдүм” (Сгорел), “Кара-ак” (Черно-Белый), “Чектерим”, “Айыгып баратат” (Заживают), “Кызгалдак” жана башкалар. Башында музыка мен үчүн хобби гана болсо, бара-бара менин бүткүл жашоомо айланды. Азыркы учурда искусство жана чыгармачылык менин жан дүйнөмдү кеңейтип, азыктандырат, бардык жаман ойлордон арылтат.
- Эми кызматыңыз жөнүндө сөз кылсак. Спецназ сизге кандай таасир этти?
- Негизинен атайын даярдыктагы отряд мамлекеттин бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган күчтөрдөн коргоп, коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул отрядда кызмат өтөө күн сайын тобокелчиликтер менен коштолгон. Бул жол аркылуу өтпөгөндөр анын түйшүгү менен жоопкерчилигин түшүнбөйт. Ал эми өзүмө токтоло кетсем, учурда ИИМдин Ички аскерлеринин “Шер” атайын даярдыктагы отрядынын командиринин орун басарымын. Спецназ мага чыныгы турмушту үйрөттү. Акыл калчап ойлонууну, туура сүйлөөнү, туруктуу мүнөздү калыптандырууну, боорукердикти, чыдамкайлыкты, жөнөкөйлүктү, жолдошторуңа болгон сый-урматты үйрөттү. Физикалык жактан мыкты өнүктүрдү. Өзүмө болгон ишенимимди бекемдеди. Күжүрмөндүк менен тактыкты туу тутуп, эң башкысы мекендин кадырын билип, көздүн карагендей сактоого багыт берди.
- Спортттогу ийгиликтериңиз жөнүндө айтсаңыз?
-Кызматка да, спортко да, чыгармачылыкка да өмүрүмдүн көп убактысын арнап жатам. Анткени ийгиликтин туу чокусуна жетиш үчүн эмгек менен өжөрлүк керектелет. Спорт менен балачагымдан бери алектенем. Спорттун каратэ, кармашып урушуу, аскердик кармашып урушуу, кикбоксинг, грэплинг, эрежесиз эр мушташ, андан сырткары футбол менен алектендим. Эл аралык жана Азиянын чемпионаттарына катышып, байгелүү орундарды ээлеп, мамлекетибиздин, анын ичинде ички аскерлердин кадыр-баркын көтөрүүгө аракеттендим. Булардын айрым түрлөрү боюнча спорттун чебери болууга жетиштим. Учурда кармашып урушуу боюнча инструктормун.
-Кызматты, чыгармачылыкты жана спортту бирге алып кетүүдө кыйынчылыктар болбойбу?
- Кызмат менин жоопкерчилигим болсо, чыгармачылык менин эркиндигим, ал эми спорт менин тең салмактуулугум. Ар бир тандоомо бирдей мамиле жасоого жана аларга туруктуулукту сактоого аракет кылам.
- Келечектеги пландарыңыз жөнүндө айта кетсеңиз?
- Чыгармачылыгымды өнүктүрүп, ал аркылуу адамдарга туура багыт берүү. Менин музыкам жан дүйнөдөгү боштукту толтуруп, бул жашоодо өзүнүн ордун тапса экен деп кыялданам. Буюрса, жеке концертимди берсем деген ниетим бар.
-Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
ИИМдин басма сөз кызматы
