Кытайдын ЖОЖдоруна документтер кабыл алына баштады

2024-2025-окуу жылына карата бакалавриат, магистратура, докторантура программалары боюнча билим алууга жана тил такшалмасын өтүү үчүн конкурс жүрүп жатат.
Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер онлайн системасында “2024-2025-окуу жылына карата Кытайдын жогорку окуу жайларына тапшыруу “КЭР Синцзян-Уйгур автономдуу районунун элдик өкмөтүнүн стипендиясы” программасы бөлүмүндө керектүү талааларды толтуруп, ошондой эле 2024-жылдын 10-июну саат 23:59га чейин талап кылынган бардык документтерди жүктөө керек.
Системада ар бир окуу программасы боюнча каттоо талапкер тандаган билим деңгээлине (бакалавр, тил боюнча такшалма, магистратура жана докторантура) ылайык жүргүзүлөт.
Стипендиялык программага катышуу боюнча маалыматты иш күндөрү күн сайын саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 621519 номери аркылуу алсаңыздар болот. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду moin.mo@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүүгө болот.
Толук маалымат шилтемеде.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.