Бишкек мэри реконструкция иштери жүрүп жаткан бир катар объектилерди текшерди
Бүгүн, 21-майда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев нөөмөт транспортунда шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге реконструкция иштери жүрүп жаткан объектилерди кыдырып чыкты.
Калаа мэриясынан билдиргендей, шаар башчысы төмөнкү объектилерди текшерди:
- Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасы;
- Чыгыш-5 кичи районундагы 18/1 имараты, (мурдагы "Рояль") ал жерде мектепке чейинки билим берүү мекемеси уюштурулат;
- "Ала-Тоо" борбордук аянты;
- Эркиндик бульвары.
Ошондой эле Айбек Жунушалиев Республикалык "Эмгек резерви" дене тарбия жана спорт борборунун аймагындагы стадиондун курулушу менен таанышты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында калаа башчысы тиешелүү кызматтарга иштин сапаты жана бүтүрүү мөөнөттөрү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
