super.kg logo

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы көп тармактуу корпусунун курулушу башталды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагына көп тармактуу корпустун курулушун баштоо үчүн мезгил кутусун салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордо оорукана 350 орунга эсептелген, анда изоляторлору бар кабыл алуу бөлүмү, гемопоэтикалык өзөк клеткаларын трансплантациялоо бөлүмү, онкология жана онкогематология үчүн реанимация бөлүмү, паллиативдик терапия бөлүмү, травматология, ортопедия жана микрохирургия, боорду трансплантациялоо менен гастроэнтерология бөлүмү, адистештирилген жардам бөлүмү жана башкалар бар.

"Бул борбор бала менен эненин ден соолугун коргоо, акушердик жана гинекология, педиатрия жана балдар хирургиясы боюнча саламаттыкты сактоо органдарына уюштуруу-методикалык жактан жардам берет. Ооруканада ар бири 30-35 керебетке эсептелген 10 клиникалык жана аларды тейлеген 7 параклиникалык түзүмдөр жайгашат. Президент эмки жылдын экинчи жарымында ден соолугунда маселе жаралган балдар менен энелерди кабыл алып, тиешелүү дарылоо иштерин баштайт деген ишенимин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мамлекет башчысы жеринде медициналык мекеменин жамааты менен баарлашты. Анын жүрүшүндө кадрлардын жетишсиздиги, турак жай менен камсыз кылуу жана башка маселелер талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: