super.kg logo

Кыргыз ырчысы Амирчик Орусиянын RU.TV телеканалынын "Мыкты старт" сыйлыгын алды (видео)

 

Кыргызстандык ырчы Амирхан Батабаев (Амирчик) Орусиядагы RU.TV телеканалынын "Мыкты старт RU.TV" сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу аталган телеканалдан кабарлашты.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара кечээ, 22-майда болуп, түз эфир аркылуу миллиондогон көрүүчүнүн алдында көрсөтүлдү. Ошондой эле телеканалдын сыйлык тапшыруу аземине орусиялык белгилүү жылдыздар катышкан.

Мындан тышкары бир катар орусиялык жылдыздарга да сыйлыктар тапшырылды. Атай кетсек, орусиялык белгилүү ырчы Мот "Мыкты ырчы мырза" наамы менен, Сергей Лазарев "Күндүн батышы" ыры үчүн "Мыкты ыр", Мари Краймбрери "Мыкты ырчы айым", Artik&Asti группасы "Мыкты группа" ал эми Дима Билан "Мыкты клип" наамы менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, бул сыйлык тапшыруу аземи жыл сайын уюштурулуп келет.

Ал эми бул жылы кеченин дресс-коду ак түстөгү кийим болду. Ага байланыштуу иш-чарага катышкан жылдыздардын баары ак түстөгү костюмдарды кийип келишкен.






Кыргызстандык ырчы Амирчик орусиядагы RU.TV телеканалынын "Мыкты башталгыч" сыйлыгын жеңип алды

Мот "Мыкты ырчы мырзы" наамы менен сыйланды

Дима Билан "Мыкты клип" наамы менен сыйланды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: