super.kg logo

Бүгүн Улуттук консерваторияда хореография режиссурасы кафедрасынын 15 жылдыгына арналган майрамдык концерт өтөт

 

Бүгүн, 23-декабрда саат 17:00дө Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын 20 жылдыгына жана хореография режиссурасы кафедрасынын 15 жылдыгына арналган майрамдык концерт өтөт. Бул тууралуу консерваториянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, концерттин программасына дүйнө элдердин жана улуттук кыргыз бийлери, заманбап постановкалар жана классикалык вариациялар коюлат. Концертте кафедранын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү, Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык училищенин окуучулары, “Шаттык”  үлгүлүү элдик бий ансамбль жана Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын солисттери катышышат.

Концерттин көркөм жетекчиси – КРнын Маданият жана билим берүү отличниги, Н.Тугелов атындагы сыйлыктын лауреаты, хореография режиссурасы кафедрасынын жетекчиси Зарылбек Молдобакиров. Концертте дүйнөлүк жана кыргыз улуттук шедевр музыкаларына коюлган хореографиялык постановкалар көрсөтүлмөкчү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: