Чолпон-Атада балдардын республикалык реабилитациялык борборунун жаңы имараты колдонууга берилди (видео)
Бүгүн, 25-майда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан балдардын республикалык реабилитациялык борборунун жаңы имараты колдонууга берилди. Ага президент Садыр Жапаров өзү катышып, кызыл тасмасын кести.
Садыр Жапаров өлкөдө кургак учук боюнча абал кооптуу деп белгилеп, Кыргызстан дүйнөдө оорунун көрсөткүчү жогору катталган 18 өлкөнүн катарында экендигин кошумчалады.
"Мындай абалдан чыгуу максатында кургак учукка каршы заманбап дары-дармектерди колдонуу менен алдын алуу, дарылоо режимдери киргизилген. Акыркы он жылда кургак учукка чалдыккандардын саны стабилдүү азайып келүүдө. Өткөн жылы 4 миң 183 учур катталса, бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 385 учурга азайган. Айрыкча балдар арасында жугуштуу оорунун көрсөткүчү төмөндөгөн", - деди өлкө башчы.
Борбордун жетекчиси Нургүл Асанова жаңы имаратта заман талабына ылайыкташкан ыңгайлуу шарттар каралгандыгын билдирип, республиканын бардык аймактарынан келген бейтаптар дарыланарын белгиледи.
"Өлкө боюнча 4 жаштан 18 жашка чейинки өпкөсү жабыркаган, кургак учукка кабылган балдарды дарылайбыз. Калыбына келтирүүдө мындай борборго муктаж болуп турганбыз. Жаңы имарат жуунуучу жайлар, эмеректер, медициналык жабдыктар менен камсыздалган. Өлкөдө жеке клиникалар гана болгон "Кочкор туз" менен капталган атайын бөлмөлөр ачылды. Бейтаптын абалына жараша мөөнөт берилгендиктен бир жылга чейин дарыланышы мүмкүн. Окуулары үзгүлтүксүз жүрүшү үчүн атайын предметтик класстар ачылып, мугалимдер билим берип келет", - деди Асанова.
Айта кетсек, балдардын республикалык реабилитациялык борборунун курулуш иштери 2023-жылдын май айында башталган. Борбор жалпы 100 балага ылайыкташтырылган.
Чолпон-Атада балдардын республикалык реабилитациялык борборунун жаңы имараты колдонууга берилди
