super.kg logo

Ташкентте Путин менен Мирзиёевдин жолугушуусу өтүүдө

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Ташкенттеги Куксарой резиденциясындагы президенттик сарайга барды. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөр болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, сүйлөшүүлөр башталар алдында мамлекет башчыларынын расмий жолугушуу аземи болгонун Кремлдин басма сөз кызматы билдирди. Оркестр эки өлкөнүн гимндерин аткарды. Салтанатка Өзбекстандын ардактуу кароолунун жоокерлери катышты.

Кремлдин сайтында сүйлөшүүлөр тар чөйрөдөгү сүйлөшүү менен башталып, кеңейтилген форматта улана турганы айтылат. Владимир Путин менен Шавкат Мирзиёев эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулап, ошондой эле актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашышы күтүлүүдө. Сапардын жыйынтыгында “олуттуу документтерге” кол коюлушу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Владимир Путин 26-27-майда Өзбекстанда расмий сапар менен жүрөт. Бир күн мурун Москва менен Ташкент Өзбекстанда чакан реакторлору бар атомдук электр станциясын куруу, ошондой эле жезди кайра иштетүүчү завод, газ-химиялык комплекс жана металлургиялык кластерди түзүү маселесин талкуулап жатканы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: