Ырчылар Алсу менен Нюша бир күндө ажырашууга арыз жазышты
Орусиялык ырчылар Алсу менен Нюша экөө бир күндө күйөөлөрү менен ажырашуу боюнча сотко арыз жазышты.
РИА Новости билдиргендей, Москванын Пресненский районунун соту ырчы Алсу менен анын күйөөсү, ишкер Ян Абрамовдун ажырашуусу боюнча ишти каттады. Бул иш боюнча ырчы доогер катары көрсөтүлгөн. Ырчы менен ишкердин ортосундагы нике 2006-жылы түзүлгөн, жубайлардын үч баласы бар.
Ошол эле күнү ырчы Нюшанын күйөөсү Игорь Сивов менен ажырашуу тууралуу арызы да катталган. Жубайлар мамилесин 2017-жылы Казань шаарында катташкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:55
2025-07-24

16:59
2025-07-23
15:25
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.