Баткендин Көк-Таш айылында түндө өрт чыкты



Бүгүн, 28-май күнү түнкү саат 3:18де Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Жерине саат 3:20да Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Ак-Сай айылындагы №106 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, саат 3:52де кошумча күч катары Самаркандек айылындагы. №31 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылды.
Таңкы саат 4:15те курчоого алынган тилсиз жоо саат 5:12де толугу менен өчүрүлдү. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.