super.kg logo

Аида Багышбекова: "Нурдаулет биринчи жигитим, биринчи сүйүүм болгонго мамиле курууда тажрыйбасыздык кылдым окшойт"

 

SUPER.KG порталынын бул жолку маек төрүндө блогер, ырчы, акыркы убакта актриса катары өзүн сынап жүргөн Аида Багышбекова болду.

Маектин жүрүшүндө ал Казакстандын "Косылайык" долбоору, андагы Нурдаулет Толепберген менен болгон мамилесине да токтолду.

"Бир жыл мамиле куруп, экөөбүз көп жолу урушуп, кайра жараштык. Бул жолу биротоло чекит коюп, чын жүрөгүмдөн коё бердим. Мен абдан эмоционалдуу адаммын, кайгырганымды, сүйүнгөнүмдү жашыра албайм. Урушуп кетсек ыйлап, өзүм чалып, Алматыга чейин барып жүрчүмүн. Азыр "Косылайыктагы" ыйлаган видеолорумду көрсөм уялам, кээ бир видеолорумду кайталап көрө албайм.

Нурдаулет биринчи жигитим, биринчи сүйүүм болгонго мамиле курууда тажрыйбасыздык кылдым окшойт. Тагдырыма өкүнбөйм, мага чоң турмуштук сабак болду. Бирок таарынычты жеңе алган жокмун, таарынычтын үстүнөн таарыныч кошула берип, акыры экөөбүз бири-бирибизди коё берели деген чечимге келдик", - дейт ал.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын YOUTUBE каналынан көрүңүз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: