Өздүк майрам кут болсун! Актриса Динара Багышбаева 32 жашка толду

Бүгүн, 28-майда актриса Динара Багышбаева өздүк майрамын белгилеп жатат.
"32 жаш, келдиңби? Келген болсоң бери бас!" - деп жазды Инстаграмдагы баракчасына.
Анын жакындары жана күйөрмандары социалдык тармак аркылуу жылуу тилектерин калтырып жатышат.
Актриса 1992-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Ал алгач "Тамашоуго" "No name" командасынын катарында катышып, кийин тасма, клиптерде образ жарата баштаган.
Ал "Бунт", "Кайнене", "Супер келиндер", "Кыялкэштер", "Аяш", "Чоң кыз" тасмаларында негизги ролдорду аткарган.
Динара Багышбаева 2021-жылы турмушка чыгып, 2022-жылы кыздуу болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.