super.kg logo

Кытайга өрүк жана шабдалы экспорттолот

 

Кыргызстандан өрүк жана шабдалы жемиштери Кытайга экспорттолот. Маалыматты Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги кабарлады.

Бул боюнча министрлик менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда протокол даярдалууда.

Ага ылайык, Кытайдын адистери өлкөдөгү өрүк жана шабдалы жемиштери өскөн дарактарды жана сактоочу, таңгактоочу жайларды текшерет. Анын жыйынтыгы боюнча экспорттоого уруксат алынган бактардын реестри түзүлөт.

Министрлик өрүк жана шабдалыны экспорттоо менен алектенген бардык айыл чарба өндүрүүчүлөрдү кызматташууга чакырат.

Толук маалымат алуу үчүн байланыш номерлер: 0312 620292, 0312 620842.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: