Кытайдан келген мото сүйүүчүлөр “Ала-Арча” улуттук паркына барышты (фото, видео)












Кыргызстанга келген дүйнөдөгү эң чоң "Харли-Дэвидсон" мото клубунун 65 өкүлү бүгүн, 30-майда "Ала-Арча" улуттук паркына барышты. Аларды боорсок жана каймак менен тосуп алып, улуттук баш кийим ак калпакты кийгизишти.
"Харли-Дэвидсон" дүйнөдөгү мото сүйүүчүлөрдүн арасындагы эң чоң клуб болуп саналат. Анын курамын кытайлык ири компаниялардын жетекчилери, ишкерлер жана белгилүү блогерлер түзөт. Алар жыл сайын дүйнөнү кыдырып, туристтик жайларды көрүп, барган өлкөнүн меймандостугун, кооздугун, артыкчылыктарын дүйнөгө, миллиард калкы бар кытай элине жарнамалап таанытышат.
Белгилүү болгондой, клубдун өкүлдөрү буга чейин 80ге жакын өлкөнү кыдырышкан.
Алар алдыңкы 3-4 күндө Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарын кыдырып, Торугарт аркылуу Кытайга кайтып кетишет. Кыргызстанга чейин беш миң чакырым жол жүрүп келишкен.
Кытайдан келген мото сүйүүчүлөр “Ала-Арча” улуттук паркына барышты
Мото сүйүүчүлөр
Дайырбек Орунбеков Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси
Кытайдан келген мото сүйүүчү

