Улуттук кардиология жана терапия борборунда жаңы бөлүм ачылды







Бүгүн, 30-майда Улуттук кардиология жана терапия борборунда нур менен дарт аныктоочу жаңы бөлүмдүн ачылыш аземи болуп өттү. Бөлүм заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылганын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Анда жүрөк-кан тамыр системасынын уникалдуу программасы бар магниттик-резонанстык томография, стационардык рентген аппараты жана ультрадобуштуу диагностикалык аппараты коюлган. Бул аппараттар “Япония өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы” долбоорунун алкагында берилген.
Ачылыш аземге саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки мырза, Кардиология жана терапия улуттук борборунун директору Талант Сооронбаев жана башкалар катышты.
Элчи Года Хидэки белгилегендей, “Япония өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы” долбоору 2020-жылы ишке ашырыла баштаган. Анын алкагында Япония өкмөтү тарабынан 500 миллион иенге грант берилген. Бул каражатка бөлүмгө керектүү аппараттар жана Улуттук госпиталга компьютердик томограф сатылып алынганы айтылды.

