super.kg logo

Жылнаама. 24-декабрь: Мындан 50 жыл мурун Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев жарык дүйнөгө келген

 

 *212 жыл мурун 24-декабрда Алгачкы буу менен иштөөчү унаа коомчулукка көрсөтүлгөн.  Аны англиялык механик-конструктор Ричард Тревитик жасап чыккан. 

*Мындан 50 жыл мурун, тактап айтканда, 1963-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев жарык дүйнөгө келген. Ал 2008-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган. Ал эми 2010-жылы   Жогорку Кеңештин V чакырылышында депутат болуп шайланган. Ошондой эле 2013-жылдын 29-июлунда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан Нариман Түлеев 11 жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратылган.

*Мындан 18 жыл мурун 1995-жылы Кыргызстандагы кезектеги президенттик шайлоо өткөрүлгөн. Анда 71,65 пайыз добуш топтоо менен А.Акаев кайра шайланган. Президенттик шайлоого А.Акаев, Ж.Аманбаев, А.Масалиев, М.Шеримкулов, М.Айбалаев, Ю.Тойчубеков, Ө.Текебаев жана Т.Бакир уулу талапкер болушкан. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңжалдуу токтомунун натыйжасында Ж.Аманбаев, М.Айбалаев, Ю.Тойчубеков, Ө.Текебаев, Т.Бакир уулу президенттик шайлоого катышкан эмес.

*2007-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңештин 4-чакырылышы ишин баштаган.  Анда Адахан Мадумаров спикер, Игорь Чудинов өкмөт башчы болуп дайындалган.

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.12.2013. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нариман мырза 50 жашын чиркин ой укмуш белгилемек эле да, эгер, эгер, эгер...
Эмне демекчимин, кут болсун!
24.12.2013. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макала темасына баш ийбей калыптыр.
24.12.2013. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aziz2000, бул жаңылык эмес. Бул жылнаама. Кененирээк бул жактан окусаңыз болот: http://www.super.kg/jylnaama/event/19307
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: