super.kg logo

“Уруксат берилет”. Мамкурулуш “Элит Хаус” компаниясы боюнча жооп берди (видео) 

 

“Элит Хаус” курулуш компаниясынын объектилерине уруксат кагаздары берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев курулуш компаниядан батир сатып алгандар жана журналисттер менен болгон пресс-конференция учурунда билдирди.

Анын айтымында, “Элит Хаустун” жетекчилиги менен биргеликте беш объект боюнча бир нече сүйлөшүүлөр болуп, эки тараптын макулдашуусу менен курулуш компаниянын 10 пайызы мамлекеттин карамагына өткөн. Анын негизинде 2 миң чарчы метр, башкача айтканда 19 батир мамлекетке алынган.

“Учурда курулуш компания өз уруксат кагаздарын бүтүрүү алдында турат. Тактап айтсак мыйзамсыз курулган объектилерин легалдаштырып, уруксат кагаздарын тактоого, түзөтүүгө бара жатышат. Сүйлөшүүлөр жүрүп, тийиштүү маалыматтар берилген. Сатып алгандардын кызыкчылыгы мамлекет тарабынан корголот”, - деп билдирди ал.

Мындан тышкары мамкурулуштун башчысы батирлерди сатып алып жаткан жарандардын укуктарын коргоо максатында мамлекеттик экспертиза бөлүмүндө пилоттук программа ачылып, кайсы курулуш компанияга уруксат берилгендигин билсе боло тургандыгын билдирди.

“Мыйзамдын негизинде жарандарга 300 чарчы метрге чейин курулуш курууга уруксат берилген. Андан көп аянтка курулуш жүргүзүү үчүн тийиштүү документтерди бүтүрүү зарыл. Биринчиден архитектура башкармалыгынан, андан соң мамлекеттик экспертизадан өтүп, имаратты курулуп жаткан объектилердин реестерине киргизүү кажет. Маниторинг учурунда курулуш компаниялар көрсөткөн чарчы метрлердин ашыкча курулуштары, жерди убактылуу ижарага алгандыгы боюнча фактылар аныкталып, мыйзамсыз курулуштарга айланып жатат. Андыктан сатып алуучулардын кызыкчылыгын коргоо максатында пилоттук программа ачылган. Анда жарандар келип уруксат берилген компаниялар менен келишим түзүп, мыйзамдуу батир сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралган”, - деди ал.

Ошондой эле, Орунтаев курулуш компаниялардын уставдык капиталы боюнча да атайын документтик кагаздары болушу керектигин шарттап, анын жогорку баасы 100 миллион сом болуп бекитилгендигин баса белгиледи. Ал мындай иш аракеттер курулуш компаниялар кыйынчылыкка учурап, маселе жаралганда сатып алуучуларга берилүүчү компенсация экендигин билдирип, өкмөт тарабынан чечим чыккандыгын кошумчалады.

“Элит Хаустун” негиздөөчүлөрүнүн бири Алижан Салиходжаев учурда мамлекет тарабынан көп жардам болуп жаткандыгын билдирип, 2 же 3 ай аралыгында уруксат кагаздарын алып, “мыйзамсыз курулуш” макамы жоюула тургандыгын билдирди.

“Учурда Бишкек шаардык кеңеши менен болгон макулдашууну күтүп жатабыз. “Эл классик”, “Эл Классик +” жана “Континенталь” курулуш объектилерин мыйзамдаштыруу боюнча иштер кызуу жүрүп жатат. “Нью-Йорк”, “Нова сити” боюнча иштер аяктоо алдында турат. 2, 3 ай аралыгында макулдашууга жетип, уруксат кагаздарын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биз компаниянын кардарлары үчүн тынымсыз иш алып баруудабыз”, - деп билдирди ал.

Компаниянын башкы директору Улугбек Файзиев уруксат кагаздарын алуу үчүн аз убакыт талап кылынбай тургандыгын белгилеп, компания тарабынан бүт күч аракет жумшалып жаткандыгын айтты. Ал эң негизгиси батирлерди сатып алган кардарлардын укукгун коргоп, аларга ыңгайлуу шарт түзүп берүү экендигин кошумчалады.

“Elite House” курулуш компаниясы Бишкек шаарындагы эң алдыңкы элиталуу батирлерди куруп жаткан компаниялардын катарын толуктайт. Акыркы он бир жыл аралыгында жарандарды стабилдүү үй жана коммерциялык багыттагы бөлмөлөр менен камсыздап келет. Жалпысынан 17 объект курулуп, 160 чарчы метрден ашык аянттагы батирлер жана офистер шаардыктардын жана коноктордун колдонуусуна берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: