super.kg logo

Эдуард Кубатов кычкылтексиз Макалу чокусун багындырды (видео)

 

Гиннесс китебине кирген, Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Гималайдын Макалу чокусун кычкылтексиз багындырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Анын айтымында, Непалдагы Гималай тоосундагы Макалу чокусу 8 миң 485 метр бийиктикте жайгашкан. Аталган чокуга Кыргызстандын желеги 30-майда көтөрүлгөн.

"Бул тоого Кыргыз туусу 30-майда саат 9:30да көтөрүлдү. Бул аябай оор, бийик чокуга кычкылтек колдонбой чыктым. Мындай кубанычтуу жаңылык кыргыздын тарыхында биринчи жолу болду. Кара Доо оор тоо болду, суук, шамал жана абдан бийик. Жаратканым жеңишимди берди. Ушул жеңишимди элиме жана жериме арнадым. Мен мындан 9 күн мурда алгач 8516 метр бийиктикте жайгашкан Лхоцзе чокусун багындыргам.

1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөн күнүн унутпаңыздар. Дал ушул окуя көз карандысыз Кыргызстандын түптөлүшү менен байланышып турат. Мен президент Садыр Жапаровго берген сөздү аткарганыма кубанычтамын. Анткени мен биздин желекти дүйнөнүн эң бийик чокуларында желбиреткенге убада бергем. Эми муну ишке ашырдым деп ойлойм" , - деди Эдуард Кубатов.

Белгилей кетсек, 20-майда Эдуард Кубатов Гималай тоосунун Лхоцзе чокусун ийгиликтүү багындырган.






Эдуард Кубатов кычкылтексиз Макалу чокусун багындырды 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: