Акылбек Жапаровдун Беларуска болгон иш сапары аяктады
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Беларуска болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалымдалгандай,иш сапардын алкагында Министрлер кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышты.
"Акылбек Жапаров ошондой эле “Белагро-2024” эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө барды жана көргөзмөнүн алкагында өтүп жаткан “Евразия экономикалык биримдигинин азык-түлүк коопсуздугу” пленардык сессиясына катышты", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

