Жогорку Кеңеш Курманкул Зулушевдин отставкасын кабыл алды
Бүгүн, 5-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Курманкул Зулушевдин башкы прокурорлук кызматынан кетүү тууралуу арызы каралды. Анда президенттин жана Министрлер кабинетинин өкүлү Алмасбек Абытов Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын белгиледи.
Жыйынтыгында депутаттар Зулушевди башкы прокурорлуктан кетирүүгө макулдук беришти.
Белгилей кетсек, Зулушев 3-июнда отставкага кеткен. Анын кетишин 4-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети колдоп берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

