super.kg logo

"Тазаланыш керек". Максат Асаналиев прокуратурада кандай өзгөртүүлөрдү жасайт? Өзү жооп берди

 

Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңеште башкы прокурорлук кызматка Максат Асаналиевдин талапкерлиги каралууда.

Анда ал прокуратура системасында көп көйгөйлөр бар экенин жашырган жок.

"Ишти жакшыртуу боюнча көп көйгөйлөр бар. Мен прокуратура кызматкери катары ал көйгөйлөрдү ичинен жакшы билем. Эң биринчи - жарандардын кайрылуулары. Кайрылуулар көбүнчө тергөөнүн сапатына, прокурор менен соттордун чыгарган чечимдерине байланыштуу. Бул прокуратура системасында жарандардын кайрылуулары боюнча сапаттуу иш алып баруудан кабар берет.

Кайрылуу менен келген адамды кунт коюп угуп, мыйзам чегинде өз убагында иш алып барса көптөгөн маселелер чечилет деген ойдомун", - деди ал.

Ошондой эле ал прокуратура системасында коррупцияга аралашкан кызматкерлер бар экенин жашырган жок.

"Менин көз карашым - андай кызматкерлерден тазаланышыбыз керек", - деди Асаналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: