super.kg logo

Бишкекте тургундун үйүнөн 247,5 миң сомдук зер буюмдар уурдалган. Шектүү кармалды

 

Бишкекте тургундун үйүнө кирип, зер буюмдарын уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-майда милицияга Д.Ю. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү Талды-Суу көчөсүндө жайгашкан үйүнө белгисиз адам терезеси аркылуу кирип, баасы 247 миң 500 сомду түзгөн "алтын" зер буюмдарын уурдап кеткенин айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1988-жылы туулган Н.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Ал бир канча убакыттан бери арыз ээсинин финансылык абалы тууралуу бардык зарыл маалыматтарды чогултуп жүргөн. Андан кийин үй ээлери жоктугунан пайдаланып, терезеден кирип, жашыруун зер буюмдарын уурдап кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: