Бишкек мэриясы шаардагы жолдорду оңдоо пландан эрте жүрүп жатканын айтты
Бишкектин Байтик баатыр жана Иса Ахунбаев, Аалы Токомбаев жана Абды Сүйөркулов ,Чыңгыз Айтматов жана Абдылас Малдыбаев көчөлөрүндөгү асфальт басуу иштери 15-июнга чейин бүтөт. Бул туурасында кечээ, 9-июнда мэриядан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолго төшөлгөн асфальттын калыңдыгы: биринчи катмары 6 см, экинчи катмары 5 см болот.
“Шаар мэри Айбек Жунушалиев тарабынан жолдун сапатына көзөмөлдү күчөтүп, жол курууну бекитилген графикке ылайык жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы коюлду.
Байтик баатыр көчөсү Аалы Токомбаевден Жибек Жолуна чейин, Иса Ахунбаев көчөсү Чыңгыз Айтматовдон Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин жасалат.
Аталган эки көчөдө жолду капиталдык оңдоо 26-майда башталган. Аны үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин аягына чыгаруу пландалган. Бирок жол куруунун темпи ылдам жүрүп жаткандыктан жумуш пландан эрте бүтүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, быйыл борбордун алты негизги көчөсүндө капиталдык оңдоо пландалган. Ал эми жалпы шаар боюнча 20 чакырымдан ашык жол жасалат.

