Ырчы Назгүл Токтакунова менен жолдошу гендер-пати өткөрүштү (видео)
Ырчы жубайлар Назгүл Токтакунова менен Кубаныч Бакытов гендер-пати өткөрүштү. Бул жаңылыкты жылдыздуу түгөйлөр Инстаграм баракчаларына жарыялашты.
Иш-чара Бишкектеги тойканалардын биринде өткөн. Жубайлар иш-чараны өзгөчө өткөрүүнү көздөгөн. Мындан улам Мирбек Атабековдон кыз болсо "Кечки Бишкек" ырын, уул болсо "Мурасты" ырдап берүүнү суранышкан.
Жакындары жана күйөрмандары социалдык тармак аркылуу кыз күтүп жатышкан жубайларга жылуу тилектерин калтырып жатышат.
Белгилей кетсек, Назгүл Токтакунова менен жолдошу Кубаныч Бакытов 2020-жылы алгачкы ирет ата-эне статусуна ээ болушкан. Учурда 1 кызды тарбиялап келишет.
Алар 2019-жылы баш кошушкан.
10.06.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.